Бишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдөҮч өлкөнүн чек арачылары чек ара аймактарында тез арада аракеттенүү жолун табыштыДагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн карын энеликке тыюу салууну сунуштадыКыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койдуКыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталуудаМамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Бекешев Бишкектеги сугат системасына көз карандысыз аудит жүргүзүүгө чакырды
10.06.2026 | 18:20

Парламенттин жыйынында ал аба ырайы ысыгандан кийин борбор калаадагы дарактар жана жашыл аймактар куурай баштаганын билдирди. Анын айтымында, бул сугаруу системасынын натыйжасыз иштешине байланыштуу.
«Жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу системасы абдан начар жана натыйжасыз иштеп жатат. Бар болгон жашыл аймактар да жакшы сугарылбай жатат. Микрорайондор куурап жатат», — деди депутат.
Бекешев жаңы курулуп жаткан арыктардын сапатын да сынга алып, алардын сапатсыз жасалып жатканын белгиледи. Ал бул маселе боюнча прокуратурага жана башка органдарга бир нече жолу кайрылганын айтты.
Анын айтымында, мэрия бул тармакта баары жакшы деп билдиргени менен, чыныгы абал башкача.
Депутат кырдаалга объективдүү баа берүү үчүн сугат системасына көз карандысыз аудит жүргүзүүнү сунуштады.
«Кимдир бирөө көз карандысыз аудит жүргүзүп, мен туура айтып жатамбы же жокпу аныкташы керек. Бирок, менимче, туура чыгат, анткени бул тууралуу көптөгөн шаар тургундары айтып жатышат», — деп жыйынтыктады ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Дастан Бекешев