Социалдык жактан аярлуу 3 жүздөн ашуун бала Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөтүлдү

Бүгүн, 10-июнда социалдык жактан аярлуу 375 бала Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөп кетти. Бул процессти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жеке көзөмөлгө алды.
Министрликтин маалыматында, биринчи агымга Бишкек шаарынан, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген балдар кирген. Программанын алкагында жалпысынан 11 агым уюштурулуп, анда 800 балага эс алууга жөнөтүлөт. Ар бир топто майыптуулугу бар балдардын катышуусу каралган.
Министр Канат Сагынбаев балдарды жөнөтөрдүн алдында ата-энелер жана балдар менен жолугушкан. Ал балдардын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгилеп, министрлик жыл сайын аз камсыз болгон, майыптыгы бар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын ден соолугун чыңдоого шарт түзүп келерин айткан.