Бекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын кайрадан ачууга чакырды. Ал парламенттин жыйынында билдиргендей, анын маалыматы боюнча, учурда платформаны бөгөттөн чыгарууга УКМК гана каршы болууда.
Бекешев Кыргызстанда Көчмөндөр оюндары өткөнүн жана «Бишкек Арена» ачылганын эске салды. Анын айтымында, бул иш-чаралар учурунда социалдык тармактарда, анын ичинде TikTok’то көптөгөн контент жарыяланды.
«Бизде Көчмөндөр оюндары өттү, “Бишкек Арена” ачылды. TikTok’ко көп контент жүктөлүп жатат, бирок бизде TikTok бөгөттөлгөн. Жарандар үчүн TikTok’ту ачып берүүнү дагы бир жолу суранат элем. Бул ишкерлер үчүн да ыңгайлуу болмок», — деди депутат.
Бекешевдин пикиринде, бул платформаны бизнес үчүн гана эмес, Кыргызстанды чет өлкөлөрдө таанытуу жана өлкөнүн маданиятын жайылтуу үчүн да пайдаланууга болот.
Ал Көчмөндөр оюндарына келген көптөгөн чет элдиктер контентти Instagram менен катар TikTok’ко да жарыялашканын белгиледи.
«Ошондуктан TikTok’ту дагы бир жолу бөгөттөн чыгарууну суранам. Азыр буга УКМК гана каршы чыгып жатат. Бул жерде коопсуздук менен TikTok кандай байланышта экенин билбейм, бир Кудай билет. Бирок бул маселени колго алууну суранат элем», — деди Бекешев.