«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөт

15-октябрда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жазуучу жана куратор Чарльз Эшенин «Музейлер эксперименталдык боло алабы?» аттуу лекциясы өтөт. Лекция саат 15:00дө башталат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Лекцияда музейлердин жана көркөм институттардын ишмердигиндеги эксперименталдык ыкмалар, 1990-жылдардан тартып өнүккөн эксперименталдык институционализмдин тажрыйбасы жана анын искусство чөйрөсүндөгү ролу талкууланат. Ошондой эле бул тажрыйбалар Бишкек жана Борбордук Азиядагы искусство институттарынын өнүгүүсү менен салыштырылат.
Чарльз Эше — Лондон көркөм университетинин профессору, Маастрихттеги Ян ван Эйк академиясынын кеңешчиси жана Амстердам университетинин PhD даражасына талапкер. Ал 2000–2004-жылдары Мальмё шаарындагы Rooseum музейин, 2004–2024-жылдары Эйндховендеги Ван Аббе музейин жетектеген. Ошондой эле Бишкекте 2027–2028-жылдары өтө турган сегизинчи TRASH фестивалынын сокуратору болуп саналат.