Бекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жолдордогу кортеждердин санын азайтып, түнкүсүн атайылап катуу үн чыгарган автоунаалар менен мотоциклдерге көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, ага жол кыймылынын катышуучулары үчүн бирдей шарттардын жоктугуна нааразы болгон шаар тургундары кайрылууда. Бекешев айрыкча айрым жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тыгында турганда кыймылды жөнгө салуунун ордуна сиренасын күйгүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен учурларды сынга алды.
«Баарыбыз эле тыгында турабыз. Бирок кээде МАИ кызматкери тыгында отургандан тажап, кыймылды жөнгө салуунун ордуна сиренасын күйгүзүп, каршы тилкеге чыгып кетет. Кимдир бирөө жол бербей койсо, үн күчөткүчтү да күйгүзөт. Мындай болбошу керек. Жолдо баарыбыз тең болушубуз керек», — деди депутат.
Бекешев ошондой эле кортеждердин санын кыскартууну өтүндү.
«Макул, бизде президент бар, спикер бар. Бирок алар деле күн сайын ары-бери каттай беришпейт да. Бул кортеждер кайдан пайда болгонун билбейм. Алардын санын азайтыңыздарчы, чоң өтүнүч», — деди ал.
Парламентарий дагы бир көйгөй катары түнкүсүн катуу үн чыгарган автоунаалар менен мотоциклдерди атады. Анын айтымында, айрым айдоочулар унааларынын үн чыгаруу системасын атайылап өзгөртүп, катуу үн менен жүрүшөт.
Бекешев ооруканада жаткан баланын ата-энеси бул көйгөй боюнча ага кайрылганын айтып берди. Анын сөзүнө караганда, өтүп жаткан унаалардын катуу үнүнөн балдар уктай албай калышат.
«Түнкүсүн карапайым жарандар да уктай албай жатышат. Терезенин алдында унаалар күркүрөп жүрсө, кантип укташат? Бизде “автоээнбаштык” деген берене бар. Эмне үчүн жоопкерчиликке тартпайсыңар? Эмне үчүн мындай автоунааларга жана мотоциклдерге каршы рейддер өткөрүлбөйт?» — деди Бекешев.
Депутат укук коргоо органдарын атайылап катуу үн чыгарган автоунаалар менен мотоциклдердин айдоочуларына карата рейддерди өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.