«Берекет Универсал» соода комплексинин аймагында контрафакттык жол менен сатылып жаткан тамеки аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Акциздик маркасыз 8 миң 545 куту тамеки сатыктан алынды.
Салык кызматы ишкерге мыйзамдуу чаралар көрүлөрүн маалымдап, акциздик маркалары жок 500 даанага чейин — 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашыкка 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз