Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
1-июндан тарта Орусияга товар алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет
29.05.2026 | 17:58

Ушул жылдын 1-июнунан тарта Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Орусиянын аймагына товарларды алып кирүүнүн тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Жаңы эрежелерге ылайык, товарларды аталган өлкөгө экспорттоодо жеткириле турган жүк жөнүндө электрондук документти кабыл алуучу тарап — Орусиянын импорттоочусу тариздейт.
Орусияга товар импорттоочу тарап төмөнкү иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү:
- Орусиянын Федералдык салык кызматынын сайтындагы сервис аркылуу товар жеткирүү тууралуу электрондук документти тариздөө;
- Камсыздоо төлөмүн киргизүү;
- QR-код алуу.
Товар ташуучулар Орусиянын Федералдык бажы органдарынын талабы боюнча аталган QR-кодду көрсөтүүгө тийиш. Эгерде QR-код жок болсо же электрондук документтеги маалыматтар товарды коштоочу кагаздардагы маалыматтарга дал келбесе, жүк ташуучу унаа аталган мамлекеттин аймагына киргизилбейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика