128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыландыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүФранция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даярДрондор, айып упайлары жана жаңы чектөөлөр — ИИМ эмнелерди сунуштоодо?Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келгенОктябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсү
Өзгөндө айыпталуучу сот имаратынан качып кеткен. ИИМ анын кармалганын билдирди
29.05.2026 | 16:40

Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун имаратынан качкан айыпталуучу укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-майда, «Зордуктоо» беренеси менен айыпталып жаткан 34 жаштагы жарандын иши сотто каралып жаткан. Саат 14:20 чамасында ал сот имаратынын ажатканасынан качып кеткен.
Окуяга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгында «Сирена» планы киргизилип, издөө иштерине 130дан ашык кызматкер тартылган. Көрүлгөн чаралардын жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен качкан жаран аныкталып, кармалган. Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Өзгөн