Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?
Жай келип, кыргызстандыктар эс алуусун пландай башташты. Себеби эмгек өргүүлөрүнүн басымдуу бөлүгү дал ушул мезгилге туш келет. Бишкекте калуу, Кыргызстандын аймактарына бир же бир нече күндүк турга баруу, Ысык-Көлгө, коңшу Казакстанга же башка жакка сапарга чыгуу — варианттар миллион. Эгерде сиз кайда барарыңызды чече элек болсоңуз же жаңы нерсени көргүңүз келсе, Кыргызстандын ички каттамдары боюнча гидибиздин экинчи бөлүгү сизге жардам берет.
Бишкек-Талас
Талас кыргыздар үчүн ыйык жер, баатыр Манастын жери болуп саналат. Ал — элдик эпостун баатырынын туулган жери жана анын сөөгү коюлган жай. Шаардын жанында Манастын күмбөзү жана 1995-жылы эпостун 1000 жылдыгына карата курулган эбегейсиз чоң музей комплекси жайгашкан.

«Манас Ордонун» аймагында музейден тышкары, эпостун каармандарынын айкелдери коюлган сейил бак жана «Манасты» жандуу аткарууда угууга боло турган боз үй бар. Бул жерден аймактарды коргоо үчүн кароол дөбө катары кызмат кылган дөңсөөгө чыгууга болот. Археологдордун маалыматы боюнча, ал душмандардын кол салуусунан коргонуу үчүн кол менен жасалган болушу мүмкүн.
Азыркы Таластын айланасындагы аймактарды адамдар илгертен эле өздөштүрө башташкан. Шаардан анча алыс эмес жерде байыркы адамдардын үч турагы — Кулан-Сай, Терек-Сай жана Коргон-Таш жайгашкан, ал жерлерден петроглифтер да табылган. Талас өрөөнүндөгү орто кылымдардагы жана андан кийинки мезгилдердеги жашоо тууралуу Шелжи (ошондой эле Садыр-Коргон) жана Ак-Төбө шаар калдыктары баяндап берет.

Археологдор алар ар кандай куралдар менен куралданган жоокерлер коргогон ири соода жана өнөр жай шаарлары болгонун аныкташкан. Ал жерде коргой турган нерселер да көп болгон: Шелжи Улуу Жибек жолунун «күмүш борборлорунун» бири катары эсептелген, ал жерде күмүш менен коргошун казылып, тыйындар чегилген. Азыр Шелжи Киров суу сактагычынын алдында калган, бирок суу тартылганда археологдор казуу иштерин жүргүзүп, ал эми туристтер эски шаардын көчөлөрүндө сейилдешет.
Кийинчерээк, 1864-жылы аймак Орусия империясына кошулгандан кийин бул жерлерге биринчи орус жана украин көчмөндөрү жөнөтүлгөн. Алар бул жерде Дмитриевское (Дмитриевка деген аталыш да кездешет) айылын негиздеп, ыйык улуу шейит Димитрий Солунскийдин урматына чиркөө курушкан, чиркөө-приходдук мектеп ачышып, ушул күнгө чейин сакталып калган Талас дарыясынын боюндагы сейил бакка алгачкы дарактарды отургузушкан.

1937-жылы айыл жээгинде жайгашкан дарыянын аталышы менен Талас деп өзгөртүлүп, ал эми 1944-жылы шаар макамын алган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, «тал» аталышы «дөбө, дөңсөө», ал эми «ас» — дарыя дегенди билдирет. Учурда Таласта 40 миңге жакын адам жашайт, алардын көбү туризм тармагында эмгектенишет. Алар туристтерди улуттук парктарга, тоолорго, табигый үңкүрлөргө, шаркыратмаларга экскурсияларды алып барышат, конок үйлөрүн иштетишет, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды өткөрүп, сувенирлерди чыгарышат.
Шаардын өзүнөн борбордук базарды жана баатырдын жаңы орнотулган эстелиги бар Манас аянтын көрүүгө болот.

Сөзсүз түрдө эт кошулган гүлчөтайдан жана форелден ооз тийиңиз, ошондой эле мүмкүнчүлүк болсо, жергиликтүү картошка менен буурчактан жасалган тамактарды даамдап көрүңүз. Бул эки продукт тең – облустун экспорттук визиттик карточкалары. Сувенир катары тумар сатып алыңыз. Кээ бир ишенимдер боюнча, анда сизди коргой турган Манастын рухунун бир бөлүкчөсү бар. Эгерде живописти сүйсөңүз, Талас шаардык сүрөт өнөр музейине барыңыз, ал жакта кыргыз сүрөтчүлөрүнүн 300дөн ашык картиналары бар.
Шаардын сыртында, жогоруда айтылган Манас күмбөзү, «Манас-Ордо» комплекси, Киров суу сактагычы жана шаар калдыктарынан тышкары, дагы бир нече кооз жерлерди белгилеп кетсе болот.

Биринчиден, бул сегиз көлү бар «Беш-Таш» улуттук паркы, ал жакка бир күнгө жөө же атчан тур алып барууга, же болбосо боз үйлөрдө бир нече күн жашап калууга болот. Уламышка караганда, парктын коноктору көргөн беш таш — бул ата-энесин тоноп, өлтүрүүнү көздөп кол салгандан кийин атасы тарабынан каргышка калган беш бир тууган каракчы. Паркта ак илбирс, күрөң аюу, аркар жана башка сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлайт.
Экинчиден, Талас облусунда Кулан-Сай капчыгайында өлкөдөгү эң терең жана узун үңкүр жайгашкан. Ал жактан сиз капчыгайдын кооздугуна суктанып, андан соң тоонун түпкүрүнө 500 метр караңгылыкка кирип, тирүү жарганаттарды кезиктирип, өзүңүздүн караңгылыктан жана клаустрофобиядан (жабык мейкиндиктен коркуу) коркуу сезимиңизди сынай аласыз. Совет мезгилинде бул жерден металл казылып алынган, азыр болсо экскурсиялар уюштурулат. Ал жакка жалгыз баруу сунушталбайт, себеби үңкүрдүн бир нече жолдору бар, адашып кетүү оңой.
Акырында, Чийим-Ташты да өз көзүңүз менен көрүшүңүз керек. Бул аймактын тарыхынын ташка чегилген санжырасы: коло доорунун петроглифтеринен баштап байыркы түрктөрдүн руна жазууларына, Улуу Жибек жолу мезгилиндеги согду жазууларына жана аймакка ислам дининин келиши менен пайда болгон алгачкы араб жазууларына чейин бар. Жазуулар жана сүрөттөр жылдар өткөн сайын желип, өчүп баратат, бирок Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары заманбап технологиялардын жардамы менен аларды калыбына келтирүүдө.
Жолго кеткен убакыт: учак менен 40 мүнөт же андан бир аз көбүрөөк, же болбосо 360 чакырым жол. Эгер унаа менен барсаңыз, болжол менен 5 сааттай убакыт коротосуз.
Баасы: 12 жаштан жогорку чоң жүргүнчү үчүн бир тарапка 2100 сомдон башталат.
Бишкек-Раззаков
Раззаков — Баткен облусунун четиндеги чакан шаар, Лейлек районунун административдик борбору. Фергана өрөөнүнүн бул бөлүгүн адамдар IX кылымда эле өздөштүрө башташкан, ал кезде конуш Асбаникат (согду тилинен которгондо «жылкылар жери») деп аталган.

Убакыттын өтүшү менен аталышы Исфанага айланган, бирок конуш дүйнө картасында шаар макамын 2001-жылы гана алган. Манас шаарындагыдай эле, Исфананын карталарда жана гиддерде эки аталышы бар: 2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен шаар Раззаков атын алып жүрөт. Атын өзгөртүү 1950-1961-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын БКнын биринчи катчысы болгон Исхак Раззаковдун урматына жүргүзүлгөн. Ал республиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон: анын тушунда Бишкек-Ош трассасындагы алгачкы тоннелдер, Токтогул ГЭСи жана башка көптөгөн объектилер курулуп, Илимдер академиясы, Опера жана балет театры ачылган. Көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган саясий ишмер Лейлек районунун Коросон айылында туулган, ошондуктан райондун административдик борборуна анын ысымы берилген.

Туристтик багыт катары Раззаков тынч эс алууну жана аймактын тарыхы менен маданиятына сүңгүүнү каалагандар үчүн ылайыктуу. 30 миң калкы бар чакан шаарда төрт музей бар. Тарых музейи — бүткүл Лейлек районунун тарыхы жана маданияты тууралуу баяндаган борбордук музей. Исхак Раззаковдун музейи көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өмүрүнө жана эмгегине арналган, бирок музейдин экспонаттарынын бир бөлүгү учурда Бишкекке алынып келинген. Даңк музейи ушул аймактан чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган. Тарыхчылардын маалыматына караганда, бул жактан фронтко 571 адам кетип, алардын 385и курман болгон. Алардын арасында көзү өткөндөн кийин жогорку сыйлыкка татыган Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков бар. Төртүнчүсү — Алишер Навои атындагы мектептеги мини-музей, анда 300дөн ашык экспонат, анын ичинде Иосиф Сталинден келген кат бар. Ошондой эле шаарда кооз жерлердин катарына өзүнүн колорити жана жасалгасы менен өзгөчөлөнгөн Каттабек мечитин кошууга болот, ал өлкөнүн түштүгүндөгү диний архитектуранын уникалдуу үлгүлөрүнүн бири катары саналат.
Шаарды аралап бассаңыз, Кызыл китепке кирген чыныгы ак кунастардын уяларын көрүүгө болот. Негизинен, кыргызча «лейлек» деп аталган кунастар бүтүндөй районго өзүнүн атын берген, аларга атүгүл чакан стела да арналган. Кечинде Исфана-Сай дарыясынын жээгинде сейилдесе болот. Борбордук базарды да сөзсүз көрүп кетиңиз, ал жактан жаңы азыктарды, кургатылган жемиштерди жана эстеликке сувенирлерди, ошондой эле сүт азыктарын жана колго жасалган как менен кыямды таба аласыз. Ал жерде бүткүл өлкө боюнча кыздардын себине кошууга аракет кылынган Лейлектин атактуу колго токулган килемдери да сатылат.

Шаардан унаа менен 2 сааттай аралыкта беш көлү жана ийне жалбырактуу токойлору бар Саркент улуттук жаратылыш паркы жайгашкан. Ал жакта боз үй шаарчасында бир нече күнгө токтоп калууга же бир күндүк тур менен паркта сейилдеп келүүгө болот.
Жолго кеткен убакыт: учак менен бир сааттан бир аз көбүрөөк, же болбосо 960 чакырым жол. Эгер унаа менен барсаңыз, болжол менен 20 сааттай убакыт коротосуз.
Баасы: 12 жаштан жогорку чоң жүргүнчү үчүн бир тарапка 5200 сомдон башталат.
Маанилүү: Сапарга аттанарда дайыма байланышта болуу үчүн телефонуңуздун балансын толтурууну унутпаңыз. Жаныңызга пауэрбанк (тышкы кубаттагыч) ала жүрүңүз. Ошондой эле смартфонуңузга Кыргызстанда саякаттаган туристтер үчүн эң керектүү тиркемелерден турган «санариптик куржун» топтоп алыңыз.