«Каракол» эл аралык аэропортунда командалык-диспетчердик пункт курулууда

Бүгүн, 29-майда, «Каракол» эл аралык аэропортунда жаңы командалык-диспетчердик пункттун курулушуна мезгил капсуласы салынды. Объектинин курулушун ушул жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, пункттун жалпы аянты 835 чарчы метрди түзүп, ал жер төлөсү менен бирге тогуз кабаттан турат. Диспетчердик мунаранын бийиктиги 36 метрди түзөт. Бул объект Кыргызстандагы мындай багыттагы эң бийик пункт болуп саналат. Имараттын бийиктиги авиадиспетчерлерге аэродромдун аймагын толук көрүүгө шарт түзөт.
Пункттун ишке киргизилиши «Каракол» эл аралык аэропортуна аба ырайына карабастан жыл бою ички жана эл аралык каттамдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоорду агенттиктин «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда.
Капсула салуу аземине Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов, Каракол шаарынын вице-мэри Нурлан Момбеков жана авиация тармагынын өкүлдөрү катышкан.