Политехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөт
Кыргызстандын түштүгүндө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
29.05.2026 | 15:10

Бүгүн, 29-майда, күндүзгү саат 14:15тер чамасында Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым түштүк тарапта, Ничке айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Манас шаарынан 110 чакырым түндүк-чыгышта жана Бишкек шаарынан 150 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү төмөнкүдөй сезилген:
- Сары-Булак айылында — 4,5 балл;
- Ничке, Чогорчу, Бирлик, Көл жана Табылгы айылдарында — 4 балл;
- Кызыл-Уран, Кетмен-Төбө, Кызыл-Ой, Бирдик жана Атай айылдарында — 3 балл.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: жер титирөө