Трамп грин-карта алуу үчүн чет элдиктерди АКШдан чыгып кетүүгө мажбурлайт

Дональд Трамптын администрациясы туруктуу резиденттикти тариздөөнүн катаал эрежелерин киргизүүдө. Көпчүлүк чет элдиктер өлкөдө мыйзамдуу түрдө жашап жана иштеп жатканына карабастан, эми грин-карта алуу үчүн документтерин АКШнын чегинен тышкары жайгашкан америкалык консулдуктар аркылуу тапшырууга мажбур болушат.
Жаңы эрежелер мыйзамсыз мигранттарга да, жумушчу визасы бар чет элдик адистерге да тиешелүү. Америкадан чыкпастан эле статусту тариздөө үчүн, арыз ээлери эми «өзгөчө жагдайлардын» бар экендигин далилдеши керек. Болбосо, алар өлкөгө кайра кирүүгө көп жылдык тыюу салуу тобокелдигине кабылып, чет өлкөгө чыгып кетүүгө милдеттүү болушат. Белгилей кетсек, АКШ жараны менен никеге туруу да мындан ары өлкө ичинде легалдаштыруу (мыйзамдаштыруу) мүмкүнчүлүгүнө кепилдик бербейт.
Бийлик бул чаралар иммиграциялык тутумдагы жылчыктарды жабууга багытталганын билдирүүдө. Ошол эле учурда юристтер арыздарды кароо мөөнөттөрү сөзсүз узарарын эскертип, массалык соттук доо арыздарды даярдап жатышат. Эксперттердин пикиринде, бул жаңылык миңдеген үй-бүлөлөрдүн бөлүнүшүнө алып келет жана америкалык компаниялар үчүн критикалык кадрдык жоготууларды жаратат.