Бишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды
Мугалимдерди керексиз отчёттордон бошотуу боюнча иштер башталды
11.04.2025 | 14:29
Мугалимдерден талап кылынган отчетторду кыскартуу жана кайталанган жана натыйжасыз документацияны жоюуга багытталган иш-чара жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда мугалимдер үзгүлтүксүз тапшырууга милдеттүү болгон бардык түрдөгү отчеттор анализден өткөрүлүүдө. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына мектеп директорлору жана орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү тармагындагы эксперттер жана министрликтин кызматкерлери кирген.
Азыр төмөнкү багыттар боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылды:
- “Э-Күндөлүк” платформасы аркылуу бардык отчетторду электрондук форматка өткөрүү;
- Мектептердин күнүмдүк ишмердүүлүгүндө чогултулган маалыматтардын негизинде отчетторду автоматтык түрдө түзүү;
- Маалыматтар санариптик системада бар болсо, таблицаларды жана формаларды кол менен толтурууну жоюу;
- Башка мамлекеттик органдар үчүн зарыл болгон маалыматтарга жеткиликтүүлүктү онлайн режимде камсыз кылуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом