Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Бишкекте 12-13-апрелде азык-түлүк жарманкеси өтөт
11.04.2025 | 15:36
12-13-апрель күндөрү Бишкек шаарында азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги жарыялады.
Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.