Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү пара менен кармалды

Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү пара менен кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-апрелде УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу)  боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын банк картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>