Кочкордо өспүрүм кыз турмушка чыгып, кудалар сотто кездешти

Кочкордо өспүрүм кыз турмушка чыгып, кудалар сотто кездешти

Кочкор райондук соту турмушка чыккан жашы жете элек кыздын жакындарына өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, беш адамга айып тагылган. Алар  – кыздын күйөөсүнүн ата-энеси, апасы, жөрөлгөнү өткөргөн молдо жана күйөөсү.

«Соттук отурумда жабырлануучунун апасы 16 жаштагы кызынын турмушка чыгышына каршы экенин айтып, бирок кызы анын турмушка чыгуусуна макул болбосо, өз өмүрүнө кол сала турганын айтып, коркуткан. Ал кызынын өзүн-өзү өлтүрүп алуусунан коркуп, макул болгон. Учурда К.Н. күйөөсү менен жашайт. Күйөөсүнүн ата-энеси сотто уулу үйлөнүү ниети бар экенин айтканын жана алар кыздын жашын сурашпаганын, бирок кыргыздын каада-салты боюнча сөйкө салып, анан үйлөнүшкөнүн айтышкан», — деп айтылат өкүмдө.

Молдо буга чейин нике ырым-жырымдарын жасоо учурунда түгөйлөрдүн паспортторун текшерип келгенин айткан. Бирок бул жолу ага кыз паспортун жоготуп алганын айткан.  Кыз өзү сотто жигитти сүйүп калганын, ага турмушка чыгууга өз ыктыяры менен макул болгонун билдирген.

Жаш жубайлар нике кыйбай коет деп коркуп, дин кызматкерин алдап кетишкен. Кыз учурда жолдошунун үйүндө жашайт.

Райондук соттун өкүмү менен айыпталуучулар Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси менен (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) күнөөлүү деп табылып, алар үч жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде, 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп,  жаза өтөөдөн бошотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>