Бишкек мэриясы мектеп дубалына сүрөт тартуу сынагын жарыялады

Бишкек мэриясы мектеп дубалына сүрөт тартуу сынагын жарыялады

Бишкектин мэриясы мектеп дубалына сүрөт тартуу сынагын жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, стрит-арт адистери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү арасында Биринчи Май районунун администрациясы № 54 мектептин дубалына сүрөт тартуу сынагын жарыялайт.

«Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бир аз каражат бөлүүгө даяр демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Сынакка Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести боюнча Андрей Кончаловскийдин картинасынын түстүү жана ак-кара түстөгү дизайн иштеринин долбоорлору кабыл алынат. Тематикалык багыт: бул тасманын башкы ролдору Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиевдин образын жаратышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Сынакка катышуу акысыз, арыздар orgotdelpra@mail.ru электрондук почта аркылуу «Сынакка» деген бөлүмчөнү белгилөө менен эскизи кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы 1-июнга чейин чыгарылат. Сыйлык катары жеңүүчү өз атын көркөм чыгармага жазып, борборубузга из калтыра алат. Шаардыктар да, чыгармачыл топтор да өз идеяларын ишке ашырып, мурал искусствосун жаратуу үчүн чыгармачылык долбоорлорду сунуштай алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сынак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>