Бириккен демократиялык кыймыл Таласта облустук уюмун ачты

Бириккен демократиялык кыймыл Таласта облустук уюмун ачты

“Бириккен демократиялык кыймыл” оппозициялык бирикмеси Таласта облустук уюмун ачты. Бул тууралуу аталган бирикменин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Маалым болгондой, облуста болгон жолугушууда өлкөдөгү оор саясий — экономикалык абал, Кумтөр алтын кени, чек ара жана тамак ашка болгон баалардын өсүшү талкууланды. Таластык лидерлер кыймылдын иштөө тартиби тууралуу бир топ сунуштарын, ой-пикирлерин айтышты.

“Бириккен демократиялык кыймыл” бирикмеси мындан ары жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, уюмдун облустук өкүлчүлүктөрүн ачып баштайт.

Бул оппозициялык кыймыл быйыл март айында түзүлгөн. Уюм демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Талас

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>