Алимент жана 10 миң сомго чейинки талаштар: Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери сунушталууда

Кыргызстанда алимент өндүрүү жана 10 миң сомго чейинки мүлктүк талаш-тартыштар боюнча иштерде юридикалык жардам алууну жеңилдетүү сунушталууда. «КРдин Адвокатурасы, адвокаттык иш жана КРдеги юридикалык өкүлдөр жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Курманалиева иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, юридикалык жардамга кеткен чыгымдар көбүнчө кирешеси чектелүү жарандар үчүн, өзгөчө алимент өндүрүү жана чакан мүлктүк талаштар боюнча иштерди кароодо тоскоолдук жаратат.
Демилгечилер алимент боюнча иштерде өз убагында көрсөтүлгөн юридикалык жардам балдардын жана багууга муктаж болгон башка адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл экенин белгилешет.
Ошол эле учурда доонун баасы 10 миң сомго чейинки мүлктүк талаштар боюнча соттогу өкүлгө кеткен чыгымдар талап кылынган суммага тете болуп же андан да ашып кетиши мүмкүн. Натыйжада соттук коргоого кайрылуу экономикалык жактан майнапсыз болуп калат.
Учурда мыйзам юридикалык өкүлдөргө бир катар талаптарды коёт. Атап айтканда, алар:
- жогорку юридикалык билимге ээ болушу;
- адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш стажы болушу;
- Адвокаттардын окуу борборунда соттук өкүлчүлүк маселелери боюнча кеминде 80 академиялык сааттык кошумча кесиптик даярдыктан өтүп, тиешелүү сертификат алышы;
- Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген болушу керек.
Колдонуудагы мыйзамдар бул талаптардан убактылуу өзгөчө шарттарды белгилөөгө жол берет, бирок белгилүү бир административдик-аймактык бирдиктерде гана.
Ошол эле учурда мыйзам мындай жеңилдиктерди соттук иштердин айрым категорияларына карата колдонуу мүмкүнчүлүгүн так караган эмес.
Эмнени өзгөртүү сунушталууда
Мыйзам долбоору менен Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда, тактап айтканда, юридикалык өкүлдөргө коюлган бардык же айрым талаптардан убактылуу өзгөчөлүктөрдү белгилөөгө уруксат берүү каралган.
Мындай өзгөчө шарттарды төмөнкүдөй тартипте киргизүүгө болот:
- Кыргызстандын бүткүл аймагында;
- айрым административдик-аймактык бирдиктерде;
- соттук иштердин белгилүү бир категориялары боюнча.
Өзгөчөлүктөрдү белгилөөнүн жана колдонуунун тартибин Юстиция министрлиги аныктайт.
Негиздеме-маалымкатта эң маанилүү социалдык категориялар катары алимент өндүрүү жана доонун баасы 10 миң сомго чейинки мүлктүк талаштар боюнча иштер аталган.
Талаптарды жумшартуу мындай иштер боюнча юридикалык жардам көрсөтө ала турган адамдардын чөйрөсүн кеңейтүүгө жана каржылык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн аны кыйла жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун өзүндө алимент же чакан мүлктүк талаштар боюнча конкреттүү өзгөчөлүктөр жазылган эмес. Ал болгону мындай эрежелерди кийинчерээк Юстиция министрлиги киргизиши үчүн укуктук негизди гана түзөт.
Анара Мамытова