Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын эскертет.

Ага байланыштуу жол  саат 9:00дөн 15:00гө чейин жарым-жартылай тосулууда. Ал учурда унаалар бир тилкеге багытталат.

Ишканын маалыматында, таштарды түшүрүү иштери 17-ноябрга чейин, аба-ырайына карата жүрүп, дем алыш күндөрү болбойт.

Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>