УКМК: Көлбаевдин 79,7 млн сомдук 15 жылкысы аукциондо сатылат

УКМК: Көлбаевдин 79,7 млн сомдук 15 жылкысы аукциондо сатылат

УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баасы 79 млн 790 миң сомдук жалпы 15 жылкысы аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында алар тарабынан, Көлбаев мыйзамсыз жол менен тапкан акчасына сатып алган 15 асыл тукум жылкы табылган. Мекемелер аралык комиссиянын эсеби боюнча алардын баасы 79 млн 790 миң сомду түзөт.

Аталган жылкылар аукциондо сатылып, андан түшкөн акча өлкө бюджетине алынат.

  1. «Беш кашка» англис таза кандуу айгыр, баасы 44 000 000 сом
  2. «Командор» англис таза кандуу айгыр, баасы 26 400 000 сом.
  3. «Раушан» англис таза кандуу айгыр, баасы 2 200 000 сом.
  4. «Дончак» донск-англис айгыр, баасы 300 000 сом.
  5. «Кундуз» англис бээси, баасы 900 000 сом.
  6. «Хан сулуу» англис бээси, баасы 900 000 сом.
  7. «Острый» аттуу чабылган ат, баасы 140 000 сом.
  8. «Рошал» аттуу англис бээси, баасы 150 000 сом.
  9. «Ай-Чолпон» аттуу таза кандуу бээ, баасы 440 000 сом.
  10. «Ак Бермет» аттуу таза кандуу бээ, баасы 356 000 сом.
  11. «Көк-Серек» аттуу бээ, баасы 100 000 сом.
  12. «Көк-Жал» аттуу айгыр, баасы 60 000 сом.
  13. «Бактөр» тукумундагы миңги аргымак, баасы 704 000 сом.
  14. «Бай Тору» аттуу бээ, баасы 440 000 сом.
  15. «Эркиндик» англис айгыры, баасы 2 700 000 сом.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары алынды, — УКМК

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>