10-апрелде Бишкек шаарында «Технопарк» IT-хабынын ачылышы болуп өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш аземде мамлекет башчыны атамекендик программисттер жасаган БилимБот роботу мамлекеттик тилде саламдашып тосуп алган.
IT-хаб санариптик инновациялар, технологиялар жана ишкердик борбору болуп саналат. Анда кеңселер, коворкинг аймактары, жыйын залдары, подкаст жазуу студиясы жана амфитеатрлар жайгашкан. Имаратта иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, аналитиктер жана башка маалыматтык технологиялар адистери үчүн бардык шарттар түзүлгөн: сүйлөшүү залдары, китепкана, ашкана жана оюн аянтчалары бар.
Аянты 14 миң чарчы метр болгон IT-хаб 1500 жумушчу ордуна ылайыкталган. Креативдүү мейкиндикти курууга жана жабдууга жумшалган жалпы инвестициянын көлөмү 2 млрд сомду түзгөн.
Мамлекет башчы IT-коомчулугунан чыккан ар бир демилгени колдой турганын белгилеген. Ал ошондой эле өткөн жылы «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилип, парктын резиденттери үчүн салык режими мөөнөтсүз болуп өзгөргөнүн эске салган.
«Бүгүнкү ачылып жаткан хабда жаңы жумуш орундары түзүлгөндөн сырткары, инновациялык чечимдер жаралып, глобалдык рынокторго эшиктер ачылаарына, жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралаарына үмүтүм зор», — деген ал ачылыш аземде.