Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол жана ГЭС куруу боюнча кадамдарды белгилешти

8-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу эки тараптуу Өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы 12-жыйынына даярдык көрүүгө жана негизги инфраструктуралык долбоорлорго арналды.
Тараптар стратегиялык аймактык демилгелерди — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууну жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун иш жүзүндө ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жолугушуунун күн тартибине чек аралардагы соода инфраструктурасын өнүктүрүү жана бизнести каржылоо үчүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү маселелери кирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө республикалар ортосундагы соода-экономикалык жана агроөнөр жай өнөктөштүгүнүн жогорку динамикасы белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду баштоого жана аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө өз ара кызыкдарлыгын тастыкташты.