Баткенде социалдык келишим алып берем деп, алдамчылык кылууга шектүү кармалды

09.06.2026 | 15:17
Баткенде социалдык келишим алып берем деп, алдамчылык кылууга шектүү кармалды — новости Кыргызстана

Баткен районунун 48 жаштагы тургуну мамлекеттен социалдык жардам алып берүүнү убадалап, жарандардан акча алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү эч бир мекемеде расмий кызматкер болуп иштебегенине карабастан, Баткен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан берилүүчү 150 миң сомдук социалдык келишимди алып берүүнү убадалаганы аныкталган. Ал бир нече жарандан документтерди чогултуп берип, аталган каражатты алып берүү үчүн 20 миң сомдон акча талап кылып алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү У.Т. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эске салсак, «Социалдык келишим» программасы 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттен жеке ишкердикти баштоо же өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет. Аны алуу үчүн кандай эмнелер талап кылынары тууралуу ушул жерден окуңуз.

Scroll to Top