«Ала-Арча» паркына кирүүнүн акысы эмнеге кымбаттаганы айтылды

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы паркка кирүү акысынын жогорулашына байланыштуу маалымат берди.
Администрациянын билдирүүсүнө ылайык, бааларды кайра кароого мурдагы тарифтердин мөөнөтү аяктаганы жана экономикалык шарттардын өзгөрүшү себеп болгон. Жүргүзүлгөн талдоо мурунку кирүү акысы парктын чыгымдарын жабууга жетишсиз экенин көрсөткөн. Мындан улам кирүү акысын кайра кароо жана макулдашуу зарылдыгы келип чыккан.
Маалыматка ылайык, кирүү билетинен түшкөн каражаттар төмөнкү багыттарга жумшалат:
- инфраструктураны өнүктүрүү;
- транспорттук жана коммуналдык кызматтар;
- техникалык жабдууларды тейлөө;
- коопсуздук чаралары;
- жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери.
Администрация жаңы тарифтер тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылганын кошумчалады.
Эске салсак, жаңы тарифтер 8-июндан тарта күчүнө кирген. Ага ылайык, чоң адамдар үчүн паркка кирүүнүн билети 200 сомдон 250 сомго көтөрүлдү. 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүүнүн баасы 180 сомду түздү. Ал эми 7 жашка чейинки балдарга паркка кирүү акысыз бойдон калды. Ошондой эле паркка бир электромобиль менен кирүүнүн акысы 80 сомго жогорулап 880 сом болду.