Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эл каттоодон өттү

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эл каттоодон өттү

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иш күнүн эл каттоо анкетасын толтуруу менен баштады. Бул туурасында калаа бийлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эл каттоочу смартфондогу атайын тиркеменин жардамы менен мэрдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана турак-жай фондусунун маалыматтарын тактады.

Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын эл каттоого активдүү катышууга чакырып, масштабдуу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүнтөн баштап жалпы калкты каттоо башталып, ал 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат. Эл каттоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.

Эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>