Украинада каза тапкан түбү кыргызстандыктын сөөгү жерге берилди (ФОТО)

Украинада каза тапкан түбү кыргызстандыктын сөөгү жерге берилди (ФОТО)

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында Украинадагы аскердик операцияларда каза болгон Эгемберди Дорбоевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул туурасында Акипресс агенттиги жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Орусиянын жараны, теги кыргызстандык маркумдун сөөгү 24-март күнү кечинде Канттагы авиабаза аркылуу мекенине жеткирилген.

Коштошуу зыйнатына Кыргызстан менен Орусиянын аскер кызматкерлери катышууда.

22-мартта Орусиянын армиясында кызмат өтөгөн 20 жаштагы этникалык кыргыз Эгемберди Дорбоевди Украинадагы согуш учурунда каза болгону белгилүү болгон.

Маркум бир нече жыл мурун апасы менен Орусияга көчүп кеткен. Эгемберди жакында эле Норильск шаарына көчүп келген. Норильск шаарынын мэри Дмитрий Карасев жазгандай, 2021-жылы күзүндө аскерге чакырылып, андан соң келишим түзүп, Россия Федерациясынын Белгород облусунда өзүнчө чалгындоо батальонунда кызмат өтөгөн.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>