Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

30.10.2026 | 14:32
Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө — Новости Кыргызстана
Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө — иллюстрация
Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө — контекст события

Кыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүүнү пландашууда. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки өлкөнүн ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумунун ачылышында билдирди.

Форум бүгүн, 30-октябрда, Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Ага Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов катышты.

Адылбек Касымалиев форумда сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Казакстандын өнөктөштүгү жана биримдиги бекемделип жатканын билдирди. Анын айтымында, Экинчи аймактар аралык форум эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү механизми катары калыптанып жатат.

«Бүгүн Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары Казакстандын Алматы, Жети-Суу, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганда жана Кызыл-Ордо облустары менен макулдашууларга кол коюшууда. Биз өз ара соодаланган товарлардын түрлөрүн кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана түздөн-түз өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз»,- деп билдирди өкмөт башчы.

Мындан тышкары Адылбек Касымалиев аймактар аралык кызматташтыкта «Ак-Тилек – Кара-Суу» өткөрүү пункттарынын аймагындагы индустриалдык соода-логистикалык комплекс жана Алматы шаарына жакын жердеги дүңүнөн-бөлүштүрүү борбору сыяктуу биргелешкен долбоорлор өзгөчө маанилүү орунду ээлерин билдирди.

Өз кезегинде Олжас Бектенов форум эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо үчүн натыйжалуу аянтча экенин белгиледи. Ошондой эле ал казак тарап биргелешкен соода-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга даяр экенин айтты.

Scroll to Top