ТИМ палестин-израиль жаңжалы боюнча билдирүү таратты

ТИМ палестин-израиль жаңжалы боюнча билдирүү таратты

Кыргызстан Палестина менен Израилдин ортосундагы кагылышууга тынчсыздануу менен көз салып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Өлкө көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген жаңжалдын курчушуна кооптонуп жатканы айтылат.

«Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясый-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз», — дейт ал.

Эки өлкө ортосундагы кезектеги кагылышуу 7-октябрь күнү курч алды. ХАМАСтын аскерлери Израилдин бир нече шаарларына чабуул жасады.

Тель-Авив согуш режимин жарыялады. Акыркы маалыматтарга караганда, аскердик кагылышууда Израилдин 700 тургуну, Газанын 413 жашоосу каза тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>