Кыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Дубай соода палатасынын Жакынкы Чыгыш жана КМШ өлкөлөрү боюнча директору Абдулла Бакер менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын агроөнөр жай комплекси (АӨК) жаатындагы кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты. Соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, айыл чарба тармагына инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө жана айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.