Камчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталууда
Бишкектин экс-вице-мэри Азамат Кадыров УКМКнын тергөө абагына камалды
24.09.2026 | 16:17

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров 2026-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына (ТИЗО) камакка алынды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Тагылган айып тууралуу расмий маалымат таратылган билдирүүдө айтылган эмес.
Азамат Кадыров Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын 2023-жылдын ноябрынан бери ээлеп келген. Ал жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелерин тескеген.
2026-жылдын июнь айында Кадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом