Бишкекте 44 таңгак гашиш менен 18 жаштагы баңгизат жашыруучу кармалды

07.08.2026 | 12:05
Бишкекте 44 таңгак гашиш менен 18 жаштагы баңгизат жашыруучу кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ кызматкерлери баңгизаттарды жашыруун орундар (закладка) аркылуу жайылтууга шектелген жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу райондук ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-августта саат 15:00 чамасында ички иштер органдарына жергиликтүү тургундан билдирүү түшкөн. Ал Свердлов районундагы кичирайондордун биринде белгисиз адам өзүн шектүү алып жүргөнүн: жерди казып, белгилүү бир жерлерди уюлдук телефонуна кайра-кайра сүрөткө тартып жатканын айткан.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Баштапкы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал баңгизаттарды жашыруун орундар аркылуу таратканын мойнуна алып, баңгизат болушу мүмкүн болгон зат салынган бир таңгакты, ошондой эле уюлдук телефонун өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Телефонду кароо учурунда милиция кызматкерлери шектүү Telegram мессенджери аркылуу интернет-дүкөндүн кураторуна жөнөтүп турган мурда даярдалган жашыруун орундардын координаттарын табышкан. Көрсөтүлгөн координаттар боюнча кара-күрөң түстөгү зат салынган 44 таңгак табылып, алынган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат баңгизат — каннабис чайыры (гашиш) болуп саналат. Алынган заттын таңгагы менен бирге жалпы салмагы 84,59 граммды түзгөн.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү”) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү — 2008-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Scroll to Top