Агартуу министрлиги ата-энелерди жеке менчик мектептердин лицензиясын текшерүүгө чакырат

07.08.2026 | 12:01
Агартуу министрлиги ата-энелерди жеке менчик мектептердин лицензиясын текшерүүгө чакырат — Новости Кыргызстана

Жаңы окуу жылынын алдында Агартуу министрлиги ата-энелерге жеке менчик мектептердин лицензиясын текшерүү зарылдыгын эскертти.

Мекеменин маалыматында, ата-энелер лицензияда көрсөтүлгөн окутуунун формасына (күндүзгү, сырттан же экстернат) өзгөчө көңүл бурушу керек. Мисалы, эгер мектептин лицензиясы күндүзгү окутууга гана берилсе, ал мектептин сырттан окутууга укугу жок.

Лицензиянын аныктыгын министрликтин расмий реестринен (license.edu.gov.kg) текшерүүгө болот. Күмөн саноолор жаралган учурда жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылуу сунушталат.

Министрликтин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова лицензиясыз окутуу мыйзамсыз болуп саналарын билдирди. Анын айтымында, жеке менчик мектептер баланы кабыл алуудан мурда ата-энелерге лицензиясын көрсөтүп, андан кийин гана келишим түзүүгө милдеттүү.

Scroll to Top