КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Өтмөк ашуусунда жарыктандыруу жана туристтик рест-пойнт пайда болот
07.08.2026 | 12:30

Талас облусунда жол жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, Талды-Булак айылынан Талас облусунун кире беришиндеги аркага чейинки тилкеде узундугу 36 чакырымды түзгөн электр берүү чубалгысы тартылат. Долбоордун алкагында ошондой эле 750 заманбап көчө чырактарын орнотуу пландалууда.

Жумаев белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу негизги унаа жолун толук жарыктандырууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарынын тобокелдигин азайтууга жана аймактын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Талас облусунун кире беришинде туристтер жана саякатчылар үчүн заманбап рест-пойнттун курулушу жүрүп жатат. Бул жерде санитардык бөлмөлөр, кафе, соода түйүнү жана электромобилдерди заряддоочу станция жабдылат.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын модернизациялоого, туризм тармагын өнүктүрүүгө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана Талас облусунун инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталган.

Теги: Талас