Бишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөт

10–14-сентябрь күндөрү Бишкекте кинодокументалист Альгимантас Видугиристин жаркын элесине арналган экинчи эл аралык UmutDoc документалдык кинофестивалы өтөт. Беш күндүн ичинде фестивалдын алкагында документалдык тасмалар көрсөтүлүп, режиссёрлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, презентациялар, питчинг, шоукейс жана кесиптик талкуулар уюштурулат.
Фестивалдын негизги аянтчалары «Ала-Тоо» кинотеатры жана OloloErkindik болот.
«Ала-Тоо» кинотеатрында 10-сентябрда саат 18:30да фестивалдын салтанаттуу ачылышы өтөт. Анын алкагында режиссёр А. Видугиристин «Нарынский дневник» жана режиссёр Т. Ибрагимовдун «Альгимантас Видукыргыз — исповедь жены кинорежиссера» тасмалары көрсөтүлөт.
Кийинки күндөрү бул жерде UmutDoc фестивалынын негизги сынактык программасы өтүп, анда толук метраждуу жана кыска метраждуу документалдык тасмалар көрсөтүлүп, талкууланат. Ошондой эле Видугиристин тасмаларынын ретроспективасы жана сынактан тышкаркы «РАКУРС» программасы сунушталат.
Сынактардын жыйынтыгында «Мыкты тасма» жана «Мыкты режиссура» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Мындан тышкары, калыстар тобунун атайын байгеси жана көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча сыйлык тапшырылат. New York Film Academy Kazakhstan колдоосунун аркасында фестивалдын жалпы байге фонду $80 миңди түзөт.
Быйыл кесипкөй адистер менен катар атайын студенттик калыстар тобуна кирген студенттер да сынактык тасмаларды баалоого катышат.
OloloErkindik фестивалдын индустриялык жана билим берүү программасынын борборуна айланат. Бул жерде DocsBarcelona, Berlin Film Residencies, Cannes Docs, Stranger Films Sales, 3Boxmedia, LuFilms жана New York Film Academy Kazakhstan уюмдарынын эксперттеринин катышуусунда мастер-класстар, презентациялар, маалыматтык сессиялар жана панелдик талкуулар өтөт.
Документалдык тасмаларды жеткиликтүү форматта тартуу боюнча мастер-классты казакстандык режиссёр-документалист Канат Бейсекеев өткөрөт. Ошондой эле бул аянтчада Project Pitching жана Project Showcase секциялары өтүп, катышуучулар эксперттерден пикир алып, эл аралык копродукция мүмкүнчүлүктөрүн издеп, долбоорлоруна каржылык колдоо ала алышат.
Фестивалда биринчи жолу Algimantas Vidugiris Award сыйлыгы да тапшырылат. Ал сынактык программага кирбейт жана көз карандысыз эл аралык калыстар тобу тарабынан ыйгарылат. Сыйлык режиссёрдун чыгармачылык мурасын сактоого жана жайылтууга багытталган VidugirisFilm долбоорунун алкагында Стасис Видугиристин демилгеси менен негизделген.
Фестивалдын негизги өнөктөшү — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти. Ошондой эле Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы, «Кудук маданий борбору» коомдук фонду, Креативдүү индустриялар паркы жана New York Film Academy Kazakhstan колдоо көрсөтүштү. Фестивалга уюштуруучулук колдоону BishDocLab көрсөтөт.