Кыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирди

Кыргызстанда Борбордук Азия боюнча биринчи жолу абанын булганышына таасир эткен температуралык инверсияларды көзөмөлдөөчү система киргизилүүдө. Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызгидрометке заманбап «МТР-5» метеорологиялык жабдуусун тапшырды.
Бул жабдык жерден 1000 метрге чейинки бийиктиктеги абанын температурасын өлчөөгө мүмкүндүк берет. Мунун жардамы менен адистер температуралык инверсия кубулушун аныктай алышат. Инверсия учурунда жерге жакын аба катмарынын кыймылы басаңдап, түтүн жана зыяндуу заттар шаардын үстүндө топтолуп, абанын булганышы күчөйт.
Жаңы технология абанын сапатынын өзгөрүшүнө аба ырайынын тийгизген таасирин так талдоого шарт түзөт. Алынган маалыматтар абанын булгануу себептерин изилдөөгө жана тиешелүү чечимдерди кабыл алууга негиз болот.
Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» программасынын алкагында ишке ашкан. Бул мониторинг системасы өлкөдө алгачкы жолу колдонулууда.