Сентябрь айында Кыргызстанга четтен 274 млн доллардан ашык акча которулган

12.11.2026 | 13:12
В сентябре в Кыргызстан из-за рубежа перевели более 274 млн долларов — Новости Кыргызстана

2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет мамлекеттердин которулган акчанын жалпы көлөмү 274,1 млн долларды түзгөн. Ал эми өлкөдөн сыртка 9,4 млн доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга кирген каражаттын 250,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен:

  • Орусиядан 249,5 млн доллар,
  • Казакстандан 0,2 млн доллар,
  • башка КМШ өлкөлөрүнөн 1,2 млн доллар которулган.

Алыскы өлкөлөрдөн Кыргызстанга жалпы 23,3 млн доллар которулган:

  • АКШдан 19,1 млн доллар,
  • Түркиядан 1,9 млн доллар,
  • башка мамлекеттерден 2,2 млн доллар.

Ал эми Кыргызстандан чыккан каражаттардын ичинен 3,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Бул багытта Орусияга 3,3 млн доллар жана башка КМШ мамлекеттерине 0,1 млн доллар которулган.

Алыскы чет өлкөлөргө жалпы 6,0 млн доллар чыгарылган. Анын ичинен Түркияга 3,9 млн доллар, АКШга 1,3 миллион доллар жана башка мамлекеттерге 0,9 миллион доллар жөнөтүлгөн.

Scroll to Top