Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Москвага барат

Президент Садыр Жапаров 10–11-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын жана жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча чараларды талкуулашат. Ошондой эле терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралат.
Отурумдун соңунда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планына кол коюулары айтылды.