Бишкекте Моңголиядагы кыргыздардын тарыхына арналган тасманын жана китептин бет ачары өтөтБишкектеги массалык уулануу — жабыркагандардын саны 44 адамга жеттиДастан Бекешев: Токомбаев көчөсүндө май куюучу жайдын ордуна көп кабаттуу үй курулуп жататБорбордук Азия өлкөлөрү согушсуз эле эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда туратБишкекте массалык түрдө уулануу катталды — 37 адам жабыркап, бирөө реанимациядаПрезидент бир катар маданият ишмерлерине Токтогул сыйлыгын ыйгарды
Бишкекте жаран унаасынын номерине башка өлкөнүн туусун чаптап алганбы? Кайгуул кызматынын жообу
29.05.2024 | 17:20
Бишкектин Милициянын кайгуул кызматы соцтармактарга чыккан “Sonata унаасындагы мамлекеттик номердеги Кыргызстандын туусу Түркияныкына алмаштырылганбы?” аталышындагы видео боюнча үн катты.
Кайгуул кызматы билдиргендей, алардын кызматкерлери видеодогу Hyundai Sonata унаасынын айдоочусун табышкан. Унаанын номерлерин текшергенде, андагы туу башка мамлекеттикине алмаштырылбагандыгы аныкталган. Болгону айдоочу номерине Кыргызстандын 3D туусун чаптап алган.
Айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик номердеги туунун үстүнө бир нерсе чаптоого болбой турганы эскертилген. Аны менен бирге номерге чапталган 3D туу сыйрып алынган.
Милициянын кайгуул кызматы жарандарды туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом