Бишкекте Моңголиядагы кыргыздардын тарыхына арналган тасманын жана китептин бет ачары өтөт

19.06.2026 | 14:38
Бишкекте Моңголиядагы кыргыздардын тарыхына арналган тасманын жана китептин бет ачары өтөт — Новости Кыргызстана

24-июнда Бишкек шаарында Улуттук тарых музейинде «Улуу тарыхтын изи менен» аттуу даректүү тасманын жана «Моңголиядагы кыргыз издери» илимий басылмасынын бет ачары өтөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат.

Маданият министрлигинин маалыматында, бул эмгектер Моңголиянын Баян-Өлгий жана Увс аймактарына уюштурулган илимий экспедициянын жыйынтыгында даярдалган. Эске салсак, 2025-жылдын жайында кыргызстандык окумуштуулар кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтарды изилдеп, чогултуу максатында Монголияга илимий экспедиция жасашкан.

Жогорудагы эмгектерде Моңголиядагы кыргыздарга байланышкан тарыхый, этнографиялык жана фольклордук маалыматтар, ошондой эле жергиликтүү калктын кыргыз теги тууралуу изилдөөлөр чагылдырылган.

Бет ачарга окумуштуулар, тарыхчылар, маданият ишмерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышат. Салтанат музейдин жыйындар залында өткөрүлөт.

Scroll to Top