Бишкектеги массалык уулануу — жабыркагандардын саны 44 адамга жетти

Тамак-аштан массалык түрдө уулануунун кесепетинен жабыркагандардын саны 44 адамга жетти. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан (МСЭКБ) тастыкташты.
МСЭКБдин балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн башчысынын маалыматы боюнча, 13 адам ооруканага жаткырылды (анын ичинде мурда жан сактоо (реанимация) жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө жаткан бейтап да бар — ред. эск.), 31 бейтапка амбулатордук дарылануу дайындалды.
Жабыркагандардын курагы 16 жаштан 20 жашка чейин, алардын арасында бир мугалим жана эки бүтүрүүчү бар.
Такталгандай, текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы суммасы 41 миң сомду түзгөн укук бузуулар боюнча үч протокол түзүлгөн. Ошондой эле, аныкталган кемчиликтер четтетилгенге чейин медресенин ишмердүүлүгүн убактылуу токтото туруу боюнча көрсөтмө даярдалды, мындан тышкары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына (КМДБ) маалымат даярдалып жатат.
Буга чейин 37 адам жабыркаганы кабарланган.