Токтогул ГЭСинин курулушу үчүн компенсацияны беш эсе көбөйтүү сунушталуудаКөкпар боюнча мелдештердин 2-күнүнүн жыйынтыгы: Кыргызстан менен Казакстан алдыдаДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторунун назарына: Кырчын жайлоосунда транспорт кезектеринен кантип качуу керекЭми салыктык кызматтарды банктардын мобилдик тиркемелеринен алууга болотБишкек — Талас 2100 сомдон башталат: Asman Airlines кошумча каттамдарды киргизүүдөДепутат омбудсмен үчүн курактык чекти 40 жашка чейин көтөрүүнү сунуштоодо
Бишкекте Айт намазга 35 миңдей киши катышты
02.05.2022 | 14:24
Бүгүн Кыргызстан эли Орозо айт майрамын белгилеп жатат. Бишкектин эски аянтында окулган Айт намазына 35 миңдей адам катышты. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мусулмандардын орозосунун аякташына байланыштуу майрамдык салтанатка өлкө президенти Садыр Жапаров катышты.
Айт намазы коронавирус пандемиясынан бери биринчи жолу окулду. Намаз окууга мамлекет башчысы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жана башка расмий өкүлдөр, депутаттар менен бирге келишти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом