Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт
Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулат
29.09.2026 | 10:23

Ош, Манас жана Баткен шаарларына студенттер үчүн жатаканалар салынат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, Ош шаарында 9 кабаттуу 720 орундуу, Манас шаарында 9 кабаттуу 740 орундуу, ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана курулат.
28-сентябрда Ош шаарында курулуш министри Нурдан Орунтаев жыйын өткөрүп, анда имараттардын долбоордук чечимдери жана курулуш мөөнөттөрү талкууланды.
Министр объектилердин сейсмотуруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу талабын белгиледи. Курулуш иштерин 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо милдети коюлду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Курулуш министрлиги, студент