«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
УКМК салмагы 29 миң кальян тамекини мыйзамсыз ташыгандарды кармады
02.05.2022 | 15:46
Бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте кальян үчүн аткезчилик жол менен тамекинин ири партиясын ташып келүүнү токтотушту.
Аткезчилик товар Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унаадан табылган.
«Сунушталган эсеп-фактурага ылайык, унаалар трикотаж кездемелерди ташыган. Бирок бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө түрк өндүрүшүнөн чыккан Serbetli кальян тамекиси табылган. Жүктүн жалпы салмагы 28 миң 848 килограммды түзгөн. Алдын ала чыгым 40 миллион сомдон ашык», – деп түшүндүрөт Бажы кызматы.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Башка декларацияланбаган товарларды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар