Ош шаарында үч өспүрүм ЖОЖдун студенттерин сабоого шектелип кармалышты

Ош шаарында башка студенттерди ур-токмокко алууга шектелип, ОшТУга караштуу коллеждин үч студенти кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматында, 28-октябрда соцтармактарда белгисиз адамдар бир жаранды сабап жатканы тартылган видео тараган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуя 2026-жылдын 27-октябрында болгону аныкталган. Шектүүлөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин спорт аянтчасынын жанында аталган окуу жайдын 1-курсунун эки студентин токмоктошкон.
Натыйжада шектүү катары 16 жаштардагы Н.Э. жана А.Д., ошондой эле 15 жаштагы А.А. кармалып, Ак-Буура милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүп, жабырлануучулардын жаракаттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды. Милиция аталган шектүүлөрдөн жабыр тарткандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырды.