Кыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталат
Бишкекте чак түштө эркек киши аялын бычактап өлтүрдү
17.12.2024 | 13:20
Бишкекте эркек киши аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 17-декабрда саат түшкө жуук болгон. Жибек Жолу проспектисиндеги Чыгыш унаа бекети жакта 33 жаштагы жаран (Э.О.) аялы менен уруша кетип, ага бир нече жолу бычак сайып жиберген. Аны кылмыш жеринен унаа бекети жакта күзөт кылып жүргөн кайгуул кызматкерлери кармаган.
Аял алган жараатынан улам көз жумган.
Аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду.