Ошто жасалма документтерге байланыштуу сырттан алынып келинген 30 миң көчөт жок кылынды

Ош облусунда Кытайдан кооздук (декоративдик) өсүмдүктөрдүн ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, жасалма документтер болгондугуна байланыштуу ал толугу менен жок кылынды. 30 миң түп көчөттү мыйзамсыз импорттоо аракетин КР Айыл чарба министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын адистери аныкташкан.
Маалым болгондой, алгач бул партия КЭРден Өзбекстанга багытталган, бирок өзбек тарап жүктү кабыл алуудан баш тарткан. Продукцияны Кыргызстандын аймагына буруу аракетинде фитосанитардык инспекторлор жүктү коштоп жүргөн сертификат жасалма экенин аныкташкан, бул болсо өлкөнүн биологиялык коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткан.
Мыйзамсыз жүктү жөнөтүүчүгө — Кытайга кайтарып берүү мүмкүн болбогондуктан, көчөттөрдүн бардык партиясы толугу менен жок кылынды. Мекеменин адистери республиканын аймагына кооптуу карантиндик зыянкечтердин жана отоо чөптөрдүн кирип кетишин алдын алуу максатында өткөрүү пункттарында күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантууда.