Кыргызстандык эксперттер синтетикалык баңгизаттарды аныктоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүштү

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперти Айсулуу Алтынбек кызы Ташкентте өткөн жаңы психоактивдүү заттарды жана синтетикалык баңгизаттарды аныктоо жана изилдөө боюнча аймактык семинар-тренингге катышты. Бул тууралуу Соттук-эксперттик кызмат билдирди.
Семинарды БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Өзбекстандын Борбордук бажы лабораториясы жана Кытайдын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча улуттук комиссиясы уюштурду. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын соттук-эксперттик жана аналитикалык лабораторияларынын, укук коргоо жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын таралуу тенденцияларын, аларды лабораториялык изилдөөнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле белгисиз кошулмаларды аныктоодогу кыйынчылыктарды талкуулашты. Белгиленгендей, мындай заттардын айрымдары эталондук үлгүлөрү жана спектрлери аналитикалык маалымат базаларына киргизилгенге чейин эле пайда болот.
Семинарда инструменталдык изилдөө ыкмалары, анын ичинде масс-спектрометрия менен газ хроматографиясы, ИК-Фурье жана Раман спектроскопиясы өзүнчө каралды. Катышуучулар курамы белгисиз үлгүлөрдү изилдеп, аналитикалык маалыматтарды чечмелөөнү жана заттардын химиялык түзүлүшүн тастыктоону үйрөнүштү.
Айсулуу Алтынбек кызы Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын таралуу тенденциялары тууралуу баяндама жасады. Ал синтетикалык каннабиноиддерди, синтетикалык опиоиддерди жана башка жаңы кошулмаларды эксперттик изилдөөнүн өзгөчөлүктөрү, кыргызстандык эксперттер колдонгон ыкмалар жана баңгизаттардын жаңы аналогдорун лабораториялык аныктоодогу көйгөйлөр тууралуу айтып берди.