Касымалиев Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору болдуКыргызстандык кооператив Японияга ашкабак үрөнүн экспорттоону жолго койдуБишкектин адабий пантеону: шаардын постаменттериндеги манасчылар, акындар жана жазуучуларКыргызстанда эс алуу базаларынын жана мейманканалардын саны кескин өстүБишкекте Моңголиядагы кыргыздардын тарыхына арналган тасманын жана китептин бет ачары өтөтБишкектеги массалык уулануу — жабыркагандардын саны 44 адамга жетти
Бишкекте дагы бир тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды
02.05.2025 | 17:45
Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып жактан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, А.Ж., аттуу жаран акча талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган.
Арыз боюнча жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында А.А., аттуу тергөөчү 35 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, кечээ, 1-майда ИИМ Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү опузалап пара алып жатканда кармалганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар