Иран АКШ менен болгон келишимдин чоо-жайын маалымдады

15.06.2026 | 09:50
Иран АКШ менен болгон келишимдин чоо-жайын маалымдады — Новости Кыргызстана

Mehr агенттигинин маалыматына караганда, АКШ менен Иран өз ара түшүнүшүү жөнүндө жыйынтыктоочу меморандумдун текстинде бир нече компромисске келишти.

Тактап айтканда, Вашингтон төмөнкүлөргө милдеттенет:
• ИИРдин (Иран Ислам Республикасы) активдеринен 24 миллиард долларды бөгөттөн чыгарууга;
• келишимге кол коюлганга чейин эле бул сумманын тең жарымын кайтарып берүүгө;
• Тегеранга салынган мунай санкцияларын алып салууга жана жаңыларын киргизбегенге;
• Жакынкы Чыгыштагы аскердик катышуусун көбөйтпөөгө;
• өнөктөштөрү менен биргеликте Ирандын экономикасын калыбына келтирүү боюнча кеминде 300 миллиард долларды түзгөн долбоорду сунуштоого.

Өз кезегинде Иран:
• Ядролук куралды таратпоо келишимине (ДНЯО) берилгендигин ырастайт;
• ядролук куралды жасабоого милдеттенет.

Ошол эле учурда Ирандын ракеталык программасы АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинен чыгарылды.

Буга чейин Mehr агенттиги Иран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоорун жарыялаган. Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлиги текст азырынча алдын ала мүнөзгө ээ экендигин жана өлкөнүн тиешелүү мекемелери тарабынан каралып, жеткире иштелип чыгышы керектигин билдирген.

Reporter.kg маалымдамасы: Ядролук куралды таратпоо жөнүндө келишим (ЯКТК) – бул ядролук куралдын жана технологиялардын таралышын токтотууга, атомдук энергияны тынчтык максатта колдонууга көмөктөшүүгө жана жалпы куралсызданууга жетишүүгө багытталган негизги эл аралык макулдашуу.

Scroll to Top